БУУнун Адам укуктары кеңешинде орус оппозициячылары сөз сүйлөштү

  • 2 недели мурун

Женевада БУУнун Орусиядагы адам укуктары боюнча атайын өкүлү Мариана Кацарова Орусиядагы саясий репрессиялар боюнча баяндама жасады.

Анын айтымында, Украинада согуш башталгандан бери Орусияда саясий туткундардын саны 1300 адамга жеткен. Кацарова белгилегендей, алардын көбү болбогон себептер менен айыпталууда, мисалы, дин кызматчы согушка каршы сыйынганы үчүн соттолгон.

«Орусияда азыр бийлик тарабынан коркутуу жана репрессия, анын ичинде кыйноо колдонуу жана абсолюттук жазасыздыкка негизделген система үстөмдүк кылууда»деп белгиледи Кацарова.

Ал Орусиядагы саясий туткундар Алексей Навальный сыяктуу өлүм же ден соолугунан толук ажыроо коркунучунда турганын белгиледи.

Кацарова орус бийлиги анын адам укуктарынын абалын текшерүү үчүн өлкөгө келүү өтүнүчүнө көңүл бурбай жатканын айтты.

“Орусиядагы адам укуктары: чет элдеги агрессия жана үйдөгү репрессия” деген темага арналган жыйында мурда саясий туткун деп таанылып, орусиялык атайын кызматтын кызматкерлерине алмашылган орусиялык оппозиционерлер да сөз сүйлөдү. Алар Орусияда адам укуктары жана демократия үчүн күрөштү улантуу ниетин билдиришти.

Сүрөттө: Мариана Кацарова. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты