БУУ баш катчысы Антониу Гутерриш иш сапар менен Кыргызстанга келет

  • 2 месяца мурун

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Баш катчысы Антониу Гутерриш 1-3-июль күндөрү Кыргыз Республикасына иш сапары менен келет.

Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдиргени президенттин сайтында маалымдалды.

«Иш сапар алкагында Чолпон-Ата шаарында Президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле БУУнун Өнүгүү программасынын долбоорлорунун бирине баруусу пландаштырылууда.

Тараптар БУУнун алкагында кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашат» деп белгиледи ал.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты