«Бул маселени акылы тайкы, алысты көрө албаган саясатчылар көтөрүүдө”. Президенттин пикири

  • 3 недели мурун

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине Эгемендик күнүнө карата Орусиянын ырчыларынын концертке келери боюнча пикирин билдирди.   

«Бул маселени акылы тайкы, алысты көрө албаган саясатчылар көтөрүп жатат. Аларды зомбилери ээрчип атат. Эсиңердеби? Бизди эч ким тааныбайт, өлкөбүзгө эч ким келбей коёт дегендер болгон. Азыр таанымак турсун, Кыргызстан менен бардык өлкөлөр эсептеше баштады. Келе жаткан жылы дүйнөлүк державалардын президенттери келээри күтүлүп жатат. Мурда чындап эле, керек болсо кошуна өлкөлөр теңине алчу эмес. Азыр Кудайга шүгүрбүз. Ошондуктан, анча мынча бузукуларга көңүл бурбагыла. Ким уккусу келбесе, укпай эле койсун. Эч кимди зордобойбуз» деди президент Садыр Жапаров.

Ушул эле күнү, 27-августта «Кабар» агенттигине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов да маек берди.

“Азыр Фейсбук жана башка социалдык тармакта отуруп алып, «бул ырчы келсин, тигил келбесин, муну угабыз, тигини укпайбыз» деп аткандарга айтарым бул майрамдык иш-чара жана ал жакка биз эч кимди күчкө салып, «бас, кел, ушуну ук» деп айта албайбыз. Аларды уккусу келбегендер укпай эле коюшсун” деди министр Максүтов.

Министр орусиялык ырчылар акысыз эле ырдап берээрин билдиришкенин кошумчалады.

Буга чейин президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Эгемендик күнүнө карата орусиялык ырчылардын «Ала-Тоо» аянтында ырдашына каршы пикирин билдиргендерге Фейсбук баракчасында жооп берип, аларга эч кандай гонорар төлөнбөй турганын айткан.

Эгемендик күнкү концертте швециялык ырчы Bosson, италиялык ырчы жана композитор  IN-GRID, Орусиянын ырчылары Филипп Киркоров, Стас Михайлов, Люся Чеботина, кыргызстандык ырчы Амирчик чакырылганы тууралуу маалыматтар жарыяланды. Социалдык тармактарда эгемендик алган майрамга орусиялык ырчылар чакырылганына байма-бай нааразылык пикирлер жарыяланууда.

Буга чейин концерттик программаны демөөрчүлөр төлөй турганын “Клооп” агенттигине маданият министрлиги билдирген. Аларга канча каражат кете тургандыгы жана демөөрчүлөрдүн аты-жөнү аталган эмес.   

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты