Бразилияда жүргүнчүлөр учагы кулап, 62 киши каза тапты

Бразилиянын Сан-Паулу штатынын Виньедо мунципалитетинде жүргүнчүлөр учагы кулап, андагы 62 киши каза тапканын Globo билдирди.

ATR  учагы Voepass Linhas Aéreas авикомпаниясына таандык болгон жана ал ички каттам менен, Парана штатынын Каскавел шаарынан Сан-Паулу штатынын Гуарульюс аэропортуна бара жаткан.

Учакта 58 жүргүнчү жана экипаж мүчөсүнүн төртөө болгон, алардын эч кимиси аман калган эместиги кабарланды.  

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты