Ботсванада чоңдугу боюнча дүйнөдөгү экинчи алмаз табылды

  • 2 месяца мурун

Ботсванада чоңдугу боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган 2492 караттык (498,4 грамм) алмаз табылды. Бул тууралуу Financial Times (FT) басылмасы жазды.

Алмаз канадалык Lucara Diamond компаниясы иштетип жаткан кенде табылды. FT басылмасы алмаз бизнесине жакын булактарына таянып, анын баасы 40 миллион доллардан жогору экенин жазды.

Lucara компаниясынын башкы директору Уильям Лэмб бул табылганы алмаз тармагынын беделин көтөрүү үчүн колдонууну убадалады. Бул таштын табылганы жөнүндөгү кабардан кийин Lucara акцияларынын баасы 40% жогорулады.

Табылган алмаз чоң болгондуктан, анын сапатын кадимки жабдуулардын жардамы менен анализдөө мүмкүн эмес. FT анын көлөмү «газдалган суусундуктун идишинин үчтөн эки бөлүгүн» түзөрүн жазды.

Бул «Африканын жылдызы» деген да аталыш менен белгилүү «Куллинан» аттуу алмаздан кийинки эң жогорку зергерчилик сапаттагы алмаз болуп калды.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты