Борбордук Европада селдин айынан адам өмүрү кыйылды

  • 3 дня мурун

Борбордук Европа өлкөлөрүнүн тургундары нөшөрлөгөн жаандан улам жүргөн селден коргонуунун аракетин улантууда. 15-сентябрда Румынияда кеминде төрт киши, Польшада бир киши набыт болгону, Чехияда болсо төрт тургун дайынсыз экени кабарланды.

Австриянын айрым аймактарында, Чех республикасынын жана Польшанын аймактарында куткаруучулар ишке тартылды. Польшанын Miedzygorze дамбасы “эң жогорку чегине” жеткендиктен жергиликтүү тургундар эвакуацияланды.

Румыния суу каптоодон катуу жабыр тартып, 20дай муниципалитет олуттуу жабыр тартты. 5 миңдей үй-жайды суу каптап, жүздөгөн тургун убактылуу башка жакка чыгарылды.

Өлкөнүн өкмөт башчысы Марчел Чолаку түндүктөгү сел каптаган аймактардын бирине барганда “адам өмүрү эң башкы артыкчылык” экенин айтып, тургундарды коопсуз жактарга алып чыгууну жарыялады. Соңку 24 саатта селдин айынан төрт киши набыт болгону кабарланды.

Румыниянын Улуттук гидрология жана суу ресурстарын башкаруу институту Галац жана Васлуй аймактары үчун атайын сунуштамаларды даярдаса, куткаруучулар, анын ичинде армиянын аскерлери, суу каптап калган жердегилерди чыгарууга киришти.

Румнияда чукул кырдаал режими жекшембиде дагы узартылды. Суунун деңгээли айрым жерлерде үч метрге чейин жетүүдө.

Ал ортодо Польшанын түштүк-батышындагы Вроцлов аймагында Чех республикасы менен чектешкен Клодзко өрөөнүндөгү 30 метр бийик дамбаны суу жырып кеткенден кийин кырдаал оорлошуп, жергиликтүү тургундар эвакуацияланды.

Австрияда ондогон муниципалитет жабыр тартканы белгилүү болду. Камп жана Кремпс дарыялары жээктен чыкты. Эки дарыя Дунайга барып кошулуп, Венгрия, Словакия, Сербия, Хорватия, Румыния, Болгария, Молдова жана Украинаны аралап өтөт.

Прага шаарынын бийлиги селден коргонуу чараларын күчөттү. Австрияда, Германиянын түштүгүндө, Венгрияда, Польшада, Словакияда нөшөрлөгөн жаан жаап жатат.

Синоптиктер белигелендей, жекшембиде айрым райондордо жаан-чачындын көрсөткүчү жылдык орточо санынын үчтөн бирине жетет, катуу шамал кырдаалды дагы кыйындатат.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты