Борбор Азия өлкөлөрү коргонуу чыгымдарын көбөйтүүдө

  • 2 месяца мурун

“Америка добушу” радиосу 25-июлдагы макаласында Борбор Азия өлкөлөрүндө аскердик чыгымдар өсүп жатканын, адистер муну Украинадагы согушка байланыштырышканын жазды.

Автор 30 жылдан ашык убакыт бою Орусия региондогу мурдагы советтик жумурияттарды курал-жарак менен камсыздаганын, бирок акыркы мезгилде алардын рыногуна Түркия, Кытай жана АКШ чыкканын белгилейт. Стокгольмдогу Тынчтыкты изилдөө институтунун маалыматына ылайык, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан былтыр аскердик чыгымдарга 1,8 млрд доллар сарптаган. Өзбекстан жана Түркмөнстан адатта аскердик тармакка кеткен каражаттын көлөмүн ички дүң өнүмүнүн статистикасында шардана кылбайт.

Макалада Кыргызстандын аскердик сарптоолору өзүнчө талданган. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин өткөн жылдагы жыйында айткандары келтирилет. Ал ошондо 2021-жылдан бери армияны модернизациялоого 1,5 млрд доллар кеткенин, басымдуу бөлүгү жогорку технологиядагы курал-жаракка жумшалганын билдирген. Андай жабдыктар арасында “Байрактар”, “Аксүнгүр”, “Акынжы” учкучсуз учактары бар.

Журналист кошуна Тажикстан менен чыңалган мамилелер кыргыз өкмөтүн куралдуу күчтөргө көбүрөөк көңүл бурууга түрткөнүн кошумчалайт.

“Кыргыз бийлиги жаңы курал аларга Тажикстанга караганда артыкчылык берет деп эсептесе, жаңылышат. 2022-жылы Иран ал өлкөдө дрон чыгарган завод ачкан, 2024-жылдын апрелинде тажик өкмөтү Түркия менен 1,5 млн долларга “Байрактар” дрондорун алуу тууралуу макулдашууга кол койду” деп эске салат америкалык медиа.

Калган өлкөлөрдүн аскердик чыгымдарына келсек, Казакстандын коргонуу тармагына кеткен каражаты былтыркы жылга салыштырмалуу 8,8% өскөнү айтылат. Өзбекстан бул чөйрөдөгү маалыматты ачыкка чыгарбаганы менен кээ бир кабарларга караганда, 2023-жылы коргонуу бюджетине 260 миллион доллар чегерген. Президент Шавкат Мирзиеев январдагы жыйында 2030-жылга карай өлкө жогорку технологиялар менен жабдылган заманбап армияга ээ болорун билдирген.

Макалада айтылгандай, Түркмөнстандын мамлекет башчысы Гурбангулы Бердимухаммедов өткөн айда коопсуздук кеңешинин жыйынында Коргоо министрлигине куралдуу күчтөрдүн даярдыгын жогорулатуу тапшырмасын берген.

Региондогу расмий адамдар Украинадагы согуш, Армения менен Азербайжандын жаңжалы, чек ара кризистери жана Ооганстандагы туруксуз абал армияны күчтөндүрүүгө түрткөнүн белгилешет.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты