Борбор Азия – Германия: Садыр Жапаров Казакстанга мамлекет башчылар жолугушуусуна барат

  • 3 дня мурун

Президент Садыр Жапаров 17-сентябрда Казакстанга сапар менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Сапардын алкагында мамлекет башчы Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Германиянын  федералдык канцлеринин экинчи жолугушуусуна катышат. Тараптар Борбор Азия регионунун Германия менен кызматташуусун кеңейтүүнү талкуулашат.  Ошондой эле президент Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германия ишкерлери, бизнес коомчулугу менен жолугушууларды, ошондой эле Германиянын федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт” деп белгиледи Азымбакиев.

Астанадагы экинчи саммитке Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан ана Өзбекстандын лидерлери катышып, анда негизинен энергетикалык жана экономикалык өнүгүү тууралуу сөз болору кабарланган. Саммитте ошондой эле Орусияга киргизилген эл аралык санкциялар да талкууланат.

Шольц адегенде Ташкентке токтоп, өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен миграциялык макулдашууга кол коет. Документте өзбек жумушчуларын Германияда ишке орноштуруунун жана кайра мекенине кайтаруунун шарттары каралат.

Астанада Шольц казак лидери Касым-Жомарт Токаев менен жолугат. Казакстан чөлкөмдөгү беш өлкөнүн ичинен табигый ресурстарга бай, Батыш мамлекеттери Астанага Орусияга каршы киргизилген эл аралык санкциялары сактоону эскертип келет.

Германия менен Казакстандын энергетикалык кызматташтыгы улам илгерилөө жолунда. Казак кара майы 4000 чакырымдык “Достук” кууру менен Татарстан, Беларус, Польша аркылуу Германияга ташылууда. Шольц муну Казакстан менен “эки тараптуу кызматташтыктагы жаңы багыт” деп кубаттаган.

Сүрөт: Астана шаары. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты