Борбор Азия — Германия: Президент Жапаров Казакстанга жөнөп кетти

  • 3 дня мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Казакстанга “Борбор Азия-Германия” мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн жөнөп кетти.

Расмий делегациянын курамындагылар: тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев, транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев; президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов.

Мурда айтылгандай, президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германия ишкерлери менен жолугушуусуна катышат, Германиянын бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушуу жана федералдык канцлери Олаф Шольц менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты