Борбор Азия банктары Орусиянын төлөмдөрүн аткаруудан көбүрөөк баш тарта башташты

  • 1 месяц мурун

Орусиянын Борбор Азия өлкөлөрүндөгү банктар аркылуу төлөм жүргүзүүсүндөгү баш тартуулардын саны акыркы бир айдын ичинде 30% көбөйдү. Бул тууралуу «РБК» басылмасы бир нече ири логистикалык компаниялардын маалыматтарына таянып кабарлады.

Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын банктары кош багыттагы санкциялардан кооптонуп, төлөмдөрдү жүргүзүү мөөнөтүн эки аптага чейин көбөйтүшкөн. Эми орусиялык компанияларга Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Кытайга акча которууда көбүрөөк маалымат берүү талап кылынат. Мындай көйгөй АКШнын экинчи деңгээлиндеги санкцияларды салуу тобокелдигинен улам былтыр жыл аягында жаралып, быйыл кыйла курчуду.

Буга чейин орусиялык компаниялар Кытайдын банктарына акча которууда кыйынчылыктар болуп жатканын билдиришкен. 2023-жылы жайында Орусиянын каржы уюмдары Bank of China аркылуу Европага жана АКШга юань менен акча которо албай калса, быйыл февралда орус импортерлорунун башкы өнөктөшү эсептелген Chouzhou Commercial Орусия менен бардык эсептешүүлөрүн токтоткон.

9-апрелде Бээжинге барган АКШнын каржы министри Жанет Йеллен Орусияга аскердик жана кош багыттагы товарларды экспорттоого көмөктөшкөн кытай банктары америкалык санкцияларга кабылышы мүмкүн экенин эскерткен.

Буга чейин АКШ аскердик өндүрүштө колдонулушу мүмкүн болгон товарлардын Орусияга экспортуна көмөктөшкөн бир нече кытай компаниясына санкция салган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты