Боом капчыгайында 30-октябрдан 3-ноябрга чейин таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт
- 12 месяцев мурун
Боом капчыгайында 30-октябрдан 3-ноябрга чейин таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Боом капчыгайынын жол бөлүгүндө автоунаа жана темир жол кыймылынын коопсуздук иш-чараларына ылайык, 30-октябрдан 3-ноябрга чейин (ишемби жана жекшемби күндөрүн кошпогондо) 3902 км Кыямат-Куркол РЗД-148 участогунда аба ырайынын шарттарын эске алуу менен кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин күндүзгү сааттарда иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүүдө.
Муну бөлүшүү