Ибрагимов: Милицияны видеого тартпоо тууралуу мыйзам долбоору “полициялык” мамлекетке алып келет

Активист Болот Ибрагимов бир катар депутаттар сунуштаган милиция кызматкерлерин видео тасмага тартпоо тууралуу мыйзам долбоору тууралуу өз оюн билдирип, бул «полициялык» мамлекетке алып келет жана өлкөнү он жыл артка тартат деген пикирин билдирди.

«Милиция кызматкерлерин видео тасмага тартпоо тууралуу мыйзам долбоорун сунуштаган депутаттар бир кезде ички иштер органдарында же күч органдарында иштегендер, ал тургай алардын бири ички иштер министринин орун басары болгон. Ал ички иштер органдарындагы иштин сапаты үчүн жооптуу деп айтууга болот. Азыркы күнгө чейин ички иштер министрлиги коррупциялашкан мамлекеттик органдардын бири болуп эсептелет, муну баары билет. Тилекке каршы, буга эл күнөөлүү эмес, биринчи кезекте органдын жетекчилери өздөрү күнөөлүү. Ошондуктан мыйзам долбоорун өткөрүп жибергилери келип жатат. Тиги же бул мыйзам бузууну көзөмөлдөш үчүн бир катар мыйзамдар бар, бирөөнү жоопкерчиликке тартыш үчүн велосипедди ойлоп табуунун кереги жок. Эгер адам мыйзам бузса, мыйзам ченемдүү жоопкерчилик тарта турган чаралар бар. Алар сунуштап жаткан мыйзам доллбоору “полициялык” мамлекетке алып келет жана өлкөнү он жылга артка тартат. Ошондуктан мен депутаттарды бул мыйзам долбоорун колдобоого чакырар элем” деди Болот Ибрагимов. Ибрагимовдун айткандары боюнча видео тасма «Короче» телеграм-каналына жарыяланды.

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексине, укук бузуулар жөнүндө кодексине)» мыйзам долбоору сунушталып жатат. Мыйзам долбоору талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорунун авторлору — Сүйүн Өмүрзаков, Винера Раимбачаева, Алишер Эрбаев, Кундузбек Сулайманов, Ырысбек Атажанов.

Сунушталган мыйзам долбоорунун 128-беренесинде “Коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерин өтөп жүргөн укук коргоо органынын кызматкеринин (аскер кызматчысынын), ошондой эле башка адамдын мыйзамдуу талабына баш ийбөө, ошого тете кызматтык милдеттерин аткарып жаткан кызматкерлердин ишине мыйзамсыз кийлигишүү, фото жана видеого тартуу менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишин каралоо максатында материалдарды кийин Интернет сайтка таратуу-жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга же бештен жети суткага чейин камакка алууга алып келет” деген сыяктуу сунуштар бар.

Сүрөттө: Болот Ибрагимов. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты