Bloomberg: Түркия БРИКСке кошулууга расмий түрдө арыз тапшырды

  • 2 недели мурун

Бир нече ай мурун түрк бийлиги өнүгүп келе жаткан экономикасы бар өлкөлөрдү бириктирген БРИКС тобуна кошулууга расмий арыз бергенин Bloomberg 2-сентябрда өз булактарына таянуу менен билдирди.

Агенттиктин маектештери өтүнмө Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыш болбой жаткан шартта берилгенин белгилешти.

Алардын айтымында, «өлкөнүн жаңы дипломатиялык ишмердүүлүгү анын НАТОго мүчөлүгүнүн алкагында милдеттенмелерин аткаруу менен дүйнөнүн бардык тараптары менен байланыш түзүүгө умтулуусун чагылдырат».

БРИКСке экономикасы өнүгүп жаткан Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы мүчө. 2006-жылы түптөлгөн бул уюмдун аталышы аталган мамлекеттердин баш тамгасынан куралган (BRICS — Brazil, Russia, India, China, South Africa).

2024-жылдын январында уюмга Египет, Иран, БАЭ жана Эфиопия кошулган. Малайзия, Таиланд жана Азербайжан кошулууга арыз беришкен.

БРИКСтин кезектеги саммити 22-24-октябрда Орусияда өтөт, анда аны кеңейтүү маселеси талкууланат.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты