Бишкектин мектептеринде окуу саат 8:00дөн эрте башталышы мүмкүн

  • 1 месяц мурун

Бишкекте кабыл алынган токтомдун негизинде окуу сааттары эртең мененки саат 8:00дөн эрте башталышы мүмкүн экендиги белгиленген.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бүгүнкү күндө 103 муниципалдык мектеп 198 129 балага билим берет, алардын долбоордук кубаттуулугу сменасына 89 893 окуучуга туура келет.

198 129 окуучунун ичинен 90 599 бала кичиучастоктордон тышкары билим алышса, 7 842 бала Чүй облусунун жакынкы райондорунан Бишкек шаарына окууга келишет.

14 муниципалдык мектепте окуу 3 нөөмөт менен жүргүзүлөт, дагы 14 мектепте окуу саат 7.30да башталат.

Бишкек шаарында жалпы саны 167 727 окуучуну түзгөн 129 кесиптик-техникалык билим берүү уюмдары (36 жогорку, 77 орто кесиптик билим берүү мекемелери жана 16 кесиптик лицей) бар.

Жаңы 2024-2025-окуу жылында дагы 30 мектепте саат 7.30дан баштап окутуу пландалууда.

Ошентип, иштеп жаткан муниципалдык мектептердин 42% же 44% эртең мененки саат 7:30дан баштап окууга өткөрүлөт.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кесиптик лицейлерде окуу саат 10:00дөн эрте башталбашы керектигин, ал эми мектептерде саат 8:00 дөн эрте башталышы мүмкүн экендиги тууралуу токтом кабыл алынган. Ал эми Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор шаардын мектептеринде окууну саат 7:00 дө баштоону сунуштаган.   

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты