Бишкектин Ленин районунда отканалар көмүрдөн газ менен жылытууга өткөрүлүүдө
- 1 год мурун
Бишкек шаарынын Ленин районунда отканаларды көмүрдөн газ менен жылытууга өткөрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мэриянын маалыматына караганда, курулуш иштери 15-августка чейин бүткөрүлөт.
«Отканаларды көмүрдөн газ менен жылытууга өткөрүүдө абанын булганышы бир топ азаят, ошондуктан муниципалдык администрация тургундарга жылуулуктун бул альтернативдүү түрүнө өтүүнү сунуштайт«, — деп айтылат маалыматта.
Муну бөлүшүү