Бишкектин кайгуул кызматкерин Ысык-Көлдө унаа сүзүп кетти

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерин Ысык-Көлдө унаа сүзүп кетти.

Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.   

Маалыматта айтылгандай, Арзыбаев Элистан Бишкектен Ысык-Көл облусуна кызматтык иш-сапар менен барып, кызмат өтөп, жол тыгынын жөнгө салып жатканда “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү авто унаа сүзүп кеткен.

“Бул кызматкерибиздин ден соолугунун абалы ички иштер министри Улан Ниязбековдун жеке көзөмөлүндө. Саламаттык сактоо министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Ысык-Көлдөн Бишкек шаарына алып келинүүчү медициналык кызматтык унаа даяр. Медицина кызматкерлери уруксат берээр замат Бишкек шаарына алынып келинип, республикалык ооруканага жаткырылат. Кызматкерибиздин ден соолугун калыбына келтирүү үчүн бардык чаралар көрүлөт” деп айтылат маалыматта.

15-августта Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында жол коопсуздугун көзөмөлдөп жаткан инспекторду унаа коюп кеткен. Анын абалы оор экени айтылууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты