Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт

  • 3 часа мурун

24-октябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкекте айрым турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объекттерге ичүүчү суу берүү токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

Анкара — Горький көчөсү, Аламүдүн дарыясы, темир жол линиясы жана Октябрь көчөсү.

Суу «ХБО» суу алгычын жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты