Бишкектеги троллейбустарды сактап калууну талап кылган активист милицияга жеткирилген

  • 3 недели мурун

Активист айым жана «Бишкек СМОГ» демилгесинин негиздөөчүсү Бермет Бөрүбаева милицияга жеткирилди. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги укук коргоо органдарына шилтеме берип, жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, Бермет Бөрүбаева Октябрь администрациясынын имаратында троллейбустарды борбордо калтыруу керек деп кыйкырганы үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген. Агенттик окуя Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары троллейбустарды Ошко өткөрүү боюнча добуш бергенден кийин башталганын билдирди.

«Буга чейин Бөрүбаева шаар үчүн троллейбустарды сатып алуу үчүн алынган ири насыя төлөнө электигин, эгер алар түштүк борборго которулса, бишкектиктер жок нерсе үчүн карызын төлөй турганын билдирген» деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 29-августта Бишкек шаардык кеңеши жыйын өткөрүп, анда борбордогу 100 троллейбусту Ош шаарына өткөрүп берүү чечими чыккан.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты