Бишкектен Шанхайга айыл чарба товарларын «Turkish Airlines» ташый турганы айтылды

  • 3 недели мурун

Бишкектен Кытайдын Шанхай шаарына чейин айыл чарба товарларын “Turkish Airlines” компаниясы ташууга даяр экендиги айтылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, айыл чарба министринин орун басары С.Н. Насирдиновдун “TURKISH CARGO” Түрк аба жолдорунун вице-президенти менен жолугушуусу болуп өтүп, жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарынан Шанхай шаарына чейин айыл чарба товарларын ташып чыгуу боюнча келишимдерге кол коюлган.

Келишимдин жыйынтыгында айыл чарба товарларын жумасына 400 тоннага чейин ташуу каралганы жана баасы 6-7 доллардан 1 килограммына 1,5 долларга чейин төмөндөтүлгөнү белгилүү болду.

«Министрлик биздин атамекендик өндүрүүчүлөрдү жана экспортерлорду айыл чарбасын активдүү өнүктүрүүгө жана республиканын экспорттук потенциалын жогорулатууга чакырат»,- деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: agro.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты