Бишкектеги «Комсомол» көлүнө суу толтурулду

«Бишкекжашылкурулуш» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери Бишкектеги Кара-Жыгач токоюндагы Комсомол көлүнүн түбүн механика жана кол менен тазалоо, ошондой эле учурдагы скважиналарды жана канализация системасын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.  

Учурда “Бишкекасфальтсервис” адистери көлдүн айланасындагы тротуарларды асфальттоодо.

Белгилей кетсек, бул жасалма көлдө өзүн-өзү тазалоо системасы жок. Акыркы жылдары көлдү толтуруу үчүн суу ЧЧКдан алынса, быйыл скважинадан таза суу толтурулуп жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты