Бишкекте жол кырсыгы катталып, 11 адам жабыркады
- 2 года мурун
Бишкекте жол кырсыгы катталып, 11 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, И.Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде DАF үлгүсүндө оор жүк ташуучу унаа, Honda Fit жана Mercedes-Benz Sprinter жүргүнчү ташуучу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен 11 киши (3 эркек, 8 аял) ар кандай жаракат алышты. Жерине 6 куткаруучу тартылып Honda Fit үлгүсүндө кыпчылып калган аялды унаадан чыгарып, калгандарына алгачкы жардам көрсөтүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.
Муну бөлүшүү