Бишкекте жашыл аймактарга унаа токтоткондорго айып пул салынат

  • 3 недели мурун

Бишкек мэриясы борбор шаарындагы айдоочуларга  жашыл аймактарга унаа токтоткондугу үчүн айып пул салынарын эскертти.

Бул тууралуу борбордун мэрисы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, эреже бузгандарга  5 500 сомдон 17 000 сомго чейин айып пул каралганы эскертилди.

“Жашыл аянтка  унаа токтотуу экологияга зыян келтирип, шаарды  жашылдандыруучулардын аракетин жокко чыгарат” деди мэрия.  


Жашыл газондорго жана жашылдандырууга арналган жерлерге унааларын токтоткону үчүн 5 айдоочуга  айып пул  салынды. Алардын ичинен 2 айдоочу  мыйзам бузуу менен макул болсо, калгандарынын иштери райондук  административдик комиссиянын комиссиянын кароосуна жөнөтүлдү.

Муниципалдык инспекция айдоочулардан көңүл буруп, автоунааларды автожолдордун бөлүнгөн тилкесиндеги жашыл аянтка, газондорго жана жашылдандырыла турган жерлерге токтотпоону эскертет.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты