Бишкекте жасалма арак чыгарган мыйзамсыз цех табылды (видео)

  • 15 часов мурун

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкекте жасалма арак чыгарган мыйзамсыз цехти аныкташты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирип, видеосун жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, цехтин имаратын текшерүү учурунда 120 бөтөлкө жасалма арак жана 114 жасалма акциздик маркалар табылган. Алар укук коргоо органдарына иликтөө үчүн өткөрүлүп берилген.

«Акциздик маркалары жок 1000 даанага чейин тамеки саткандар үчүн 65 миң сом айып пул, ал эми 1000 даанадан ашык саткандарды 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган»,- деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: Салык кызматы тараткан видеодон алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты