Бишкекте жаңы газ отказандары ишке кирди

  • 22 часа мурун

Бишкек шаарында «Жал» жана «Шаар ооруканасы» жаңы газ отканаларын ишке киргизүү аземи өттү. Ага борбордун мэри Айбек Жунушалиев катышты.  

Маалыматта айтылгандай, көп кабаттуу үйлөрдү жана орто «Жал» керектөөчүлөрүн жылуулук энергиясы менен камсыз кылган «Ротор» отканасында жүктү азайтуу максатында «Жал» буу казанына түрк өндүрүшүндөгү кубаттуулугу 5200 кВт болгон «Мимсан» эки газ буу казандары орнотулуп, 725 метр жылуулук трассасы тартылды.

Кошумча от казандарды орнотуунун натыйжасында 19 көп кабаттуу үй жана Эне жана баланы коргоо борборунун эки имараты сапаттуу жылуулук энергиясын алат.

«Шаар ооруканасы» буу казанынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кубаттуулугу 5200 кВт болгон «Мимсан» компаниясынын эски буу казанын жаңысына алмаштыруу жүргүзүлгөн.

«Шаар ооруканасы» отканасынын жалпы өндүрүмдүүлүгү 6,28 Гкал/саатты түзөт, ал эми жыл ичинде газды үнөмдөө болжол менен 202,58 миң м3 түзөт, башкача айтканда, 5 миллион сомго жакын каражат үнөмдөлөт.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты