Бишкекте жаңы №13 автобустук каттам иштей баштады, батыш автобекети ишин токтотту

  • 12 часов мурун

Бүгүн, 24-октябрдан тарта Бишкек шаарында №13 жаңы автобустук каттам иштей баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, автобус Алмата 1/1 дарегинде жайгашкан “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасы жана Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан батыш автобекети багыты боюнча жүрөт. Жол кире дайымкыдай эле накталай түрдө 20 сом, ал эми накталай эмес түрдө 17 сомду түзөт.

Ошондой эле мэрия 23-октябрдан тарта батыш автобекети, анын ичинде «Акжол» кичи автобекети ишин толугу менен токтотуп, аны көчүрүү боюнча иш башталганы тууралуу маалымат берди.

«Буга чейин батыш автобекети жана «Акжол» кичи автобекети тейлеген бардык каттамдар «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен жөнөп жатат»,- деп айтылат билдирүүдө.

Бишкекте жаңы №13 автобустук каттам иштей баштады, батыш автобекети ишин токтотту

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты