Бишкекте жөө жүргүнчүнү скутер сүзүп кетип, каза болду

  • 2 недели мурун

3-сентябрда Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде 32 жаштагы жаран скутер айдап бара жатып 29 жана 31 жаштагы эки адамды сүзүп, андан ары Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан. Кырсык болгон жерде бир адам алган жаракатынан улам каза болгон. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, бир жабырлануучу бейтапканага жаткырылган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу, этиятсыздыктан өзгөчө оор зыян келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда жол кырсыгынын бардык катышуучулары суралып, керектүү экспертизалар дайындалганы айтылды. Кылмышка шектүү катары Д.Т. аттуу 32 жаштагы скутердин ээси кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты