Бишкекте унааны номуруна карап, кезектешип жолго чыгаруу мыйзам долбоору талкууга коюлду

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарында мэрия жеке унааларды номуруна карата кезектештирип жолго чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.  

Мыйзам долбоорунун максаты республикалык маанидеги шаарларда транспорттук жол тыгындарын азайтуу, көчө-жол тармагынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, транспорт каражаттары жана жөө жүрүүчүлөр үчүн жагымдуу, ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү, транспорт каражаттарын азайтуунун эсебинен шаарларда экологиялык абалды жакшыртуу экени айтылат.

Мыйзам долбоорунда республикалык маанидеги шаарлардын жолдорунда машинелердин номердик белгилери боюнча чектөө киргизүү сунушталды.

Ага ылайык, дүйшөмбүдө 1-2 сан менен аяктаган, шейшембиде 3-4 сан менен аяктаган, шаршембиде 5-6 сан менен аяктаган, бейшембиде 7-8 сан менен аяктаган, жума күнү 0-9 сан менен аяктаган номерлүү автоунааларга саат таңкы 7ден кечки 9га чейин шаардын жолуна чыгууга тыюу салынат. Чектөө ишемби, жекшемби жана майрам күндөрү колдонулбайт.

Чектөө атайын жана коомдук автоунааларга тиешеси жок. Мэрия мындай кескин чара жолдогу тыгындарды 20% жеңилдетүүгө алып келет деп эсептейт.

Мыйзамды сактабагандарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып пул каралган.

2023-жылы да Бишкек мэриясынын автоунааларды номуруна карап кезеги менен чыгаруу сунушу социалдык тармактарда кызуу талкууланган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты