Бишкекте УКМКнын академиясы ачылды (cүрөт)

  • 4 дня мурун

17-октябрда Бишкек шаарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) академиясы ачылды. Ачылыш аземге президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, академия генерал-лейтенант Анарбек Бакаевдин атын алып жүрөт. Анда аскердик адистер үчүн кесиптик даярдоо программасы боюнча 5 жылдык окутуу каралган, ошондой эле ыкчам курам үчүн 1 жылдык кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курстары уюштурулган.

Академия мындан сырткары, чалгындоо, чалгынга каршы жана ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон кесиптик жөндөмдөрдү өркүндөтүү жаатында иш алып барары айтылды.

Академияда окуу жана аскердик корпустар, музей, спорттук зал жана жатакана жайгашкан. Ошондой эле стадион жана жабык бассейн орун алган.

Садыр Жапаров ачылыш аземде сөз сүйлөп, академия кесипкөй чекисттерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу багытында илимий жана усулдук борбору бар адистештирилген жогорку аскердик окуу жайы болорун белгилеген.

«Бул окуу жайдан жаш адистер мамлекетибиздин конституциялык түзүмүн, суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоого багытталган керектүү кесиптик билимге, чеберчиликке жана жөндөмдөргө ээ болушат»,-деген президент.

Ошондой эле өлкө башчы ушул убакка чейин Кыргызстандын улуттук коопсуздук органдарына керектүү адистер Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын адистештирилген аскердик окуу жайларында окуп келишкенин эске салып, мындан ары бул багыттагы адистер жаңы ачылган академиядан даярдалып чыгарыларын билдирген.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты