Бишкекте троллейбус курултайы өтөт

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 31-июлда, саат 18:30да троллейбус курултайы өтөт.

Бул тууралуу idea ca Bishkek.smog Инстаграмм баракчасында жазылды жана Бишкек смог жарандык демилгесинин өкүлү Бермет Бөрүбаева «Азаттыкка» билдирди.

“Биз анда Бишкек шаарындагы коомдук унаанын көйгөйлөрү тууралуу сөз козгойбуз жана троллейбустарды сактап калууну талап кылган резолюция кабыл алабыз. Троллейбус Бишкектеги экологиялык жактан эң таза унаа болгондугуна карабастан, абал чегине жетип баратат. Мэриянын мындай чечимине көпчүлүктүн каршы экендигине карабастан, Бишкектин мэри троллейбустарды толук жоюуну жарыя кылды.

Бул иш-чаранын негизги максаты — Бишкек шаарында троллейбустар боюнча чечимге, троллейбусту жоюу маселесине көңүл буруу болуп саналат” деп айтылат маалыматта.

Иш- чара Бишкек шаарынын Исанов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Горький скверинде өтөт 31-июлда саат 18:30 өтөт.     

Сүрөт: bishkek.gov

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты