Бишкекте төрт диний балдар лагеринин мыйзамсыз ишмердиги токтотулду

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарынын аймагында белгиленген тартипти бузуу менен уюштурулган төрт диний балдар лагеринин ишмердигин аныктап, бөгөт койду.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай,  анда 120 бала (6-17 жаштагы балдар жана кыздар) окуудан өтүшкөн. Ошол эле учурда аталган мекемелер өз ишмердүүлүгүн дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында каттоосуз жүргүзүшкөн.

Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө балдардын билим берүү жана эс алуу жайларында санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы, алардын тамактануусун уюштуруу, билим берүү программаларынын иш жүзүндө жоктугу ж.б.у.с. одоно мыйзам бузуулар аныкталган.

Мындан тышкары, балдарды дин маселелери боюнча жетиштүү билимге ээ болбогон жаштар окутушкан.

Учурда иликтөө иштери жүрүп, жыйынтыгында аталган мекеменин уюштуруучуларынын жана алардын ишине оозеки уруксат берген мекемелердин  жана казыяттардын ишмердүүлүгүнө юридикалык баа берилет. Учурда жогоруда аталган диний лагерлердин ишмердүүлүгү токтотулду.

«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесинин 4-пунктуна ылайык, балдарды диний уюмдарга тартууга жол берилбейт.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты