Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтөт. Эрдоган Кыргызстанга келет
- 4 дня мурун
6-ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити өтөт. Ага түрк мамлекеттеринин башчылары катышат. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, саммитке катышуу үчүн Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-ноябрда Кыргызстанга учуп келет. Саммиттен тышкары Эрдогандын келиши менен Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда стратегиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоого багытталган бир канча эки тараптуу документтерге кол коюу пландалып жатканы айтылды.
Ошондой эле саммитке Азербайжандын, Казакстанстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстанстандын башчылары, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери катышат.
Саммит “Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук” темасында өтөт.
«Өлкөлөрдүн лидерлери Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашат, уюмдун учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышат, ошондой эле бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясына кол коюшат. Саммиттин жыйынтыгы боюнча 2025-жылга Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Кыргыз республикасына өтөт»,- деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: интернет булактары