Бишкекте мыйзамсыз иштеген диний мекеме аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, алынган маалыматтар боюнча, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Тоголок-Молдо көчөсүндө мечиттин имаратында диний мекеме (медресе) мыйзамсыз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген.

Текшерүү маалында жогоруда аталган диний мекемеде 14 жаштан 18 жашка чейинки жашы жете элек балдар билим алып жатышкан. Ошондой эле аталган диний мекеменин тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок болуп, Кыргыз Республикасынын дин жана билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын, ошондой эле архитектуралык, курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык нормаларды бузган бир катар фактылар аныкталган.

Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын расмий маалыматтарына ылайык, аталган диний мекемелер каттоодон өткөн эмес жана тиешелүү түрдө мыйзамсыз иштеп жаткан.

Учурда медреселердин иши токтотулуп, окуучулар ата-энелерине өткөрүлүп берилип, мыйзамсыз диний иш-аракеттерди уюштургандарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты