Бишкекте кумар оюндарын мыйзамсыз уюштургандар кармалды  

  • 3 дня мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруу фактысын аныктады.

Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, бул фактынын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренеси «кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруу» боюнча кылмыш иши козголгон. 

18-октябрда Бишкек шаарынын Турусбеков көчөсүндө жайгашкан конок үйүндө кумар оюндарын ойноочу жайдын уюштуруучусу жана иштеп жаткан кызматкерлер кармалды.

Кумар жайынын уюштуруучу 1994-жылы туулган Ш.Р., ошондой эле дилердин милдетин аткарган 1987-жылы туулган К.Ч.Ч. жана 1987-жылы туулган С.Г. жана кумар оюндарына катышкан адамдар милицияга жеткирилди. 

Кумар оюндарын мыйзамсыз уюштурууга шектелип, уюштуруучулар Ш.Р. жана  К. С. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилгени кабарланды. Тергөө иштери улантылып жатат. 

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты