Бишкекте “Куликовский” кондитердик үйүндө тинтүү жүргөнү кабарланды

  • 2 недели мурун

Кечээ, 3-сентябрда, Бишкекте Курманжан датка көчөсүндөгү “Куликовский” кондитердик үйүнүн башкы кеңсесинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тинтүү жүргүзөгөнү маалымдалды.

Бул тууралуу “Кактус медиа” күч структураларындагы жеке булактарына таянып билдирди.

“Куликовский” кондитердик үйүндө УКМК тинтүү жүргүзүп, компьютерлерди жана документтерди алып кеткен жана башкы кеңсеге мөөр басылып, жабылып коюлган” деп  жазылууда ЖМКда.

Болжолдуу маалыматтар боюнча иш салык төлөөдөгү мыйзам бузуулар боюнча жүрүүдө.

“Куликовский” кондитердик үйүнүн кызматкерлери иштеп жана продукция чыгарып жатканын билдирип, бирок компания комментарий берген эмес.  

Сүрөт: Социалдык тармактан  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты