Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 9-августта Бишкектин Октябрь районунун 4-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатындагы электр калканынан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, үйдүн үстүңкү кабаттарынан 10 адам эвакуацияланган. Өрт 16:30дарда толук өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок экендиги айтылды.

Сүрөт: ӨКМнын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты