Бишкекте үйдөн 34 млн. сом уурдоого шектелип, 28 жаштагы киши кармалды

  • 2 месяца мурун

Бишкекте жеке менчик үйдөн 34 млн.сом акча уурдоого шектелип 28 жаштагы киши кармалды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 8-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына бир жаран кайрылып, анын Дүйшөкеев көчөсүндө жайгашкан үйүнө белгисиз адамдар кирип, 34 миллион сом акча каражатын уурдап кетишкендигин айтып, чара көрүүнү өтүнгөн.   

Аталган факт кылмыш-жаза кодексинин “Уурдоо” беренеси менен катталган. Атайын органдар тарабынан шектүүнүн тек-жайы такталып, ал 28 жаштагы Т.Б. экендиги белгилүү болгон. Тинтүү учурунда анын үйүнөн 4 млн. 386 миң сом акча табышкан деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран тергөө абагына киргизилип, тергөө уланып жаткандыгы белгилүү болду.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты