Бишкекте эркек киши аялды бычактап, өзү инфаркт менен ооруканага жаткырылган

  • 2 недели мурун

Бишкек шаарында 57 жаштагы жаранга аялды бычактады деген шек менен кылмыш иши козголду. 59 жаштагы аялдын боору жабыркап, Улуттук хирургия борборуна жаткырылган. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары 1967-жылы туулган Р.Ж. аттуу жаран аныкталган. Ал окуя болгон жерден тез жардам кызматы менен Улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилип, ал жерден инфаркт диагнозу коюлган. Учурда шектүү жаран милициянын көзөмөлү астында дарыланып жаткандыгы айтылды.

24.kg агенттиги бычакталган аял шектүүнүн жубайы экендигин жазды.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин «Адам өлтүрүүгө аракет жасоо» негизинде кылмыш иши козголгон. Экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты