Бишкекте эне-баланын өлүмүнө алып келген жол кырсыгына шектүү кармалды

  • 2 дня мурун

17-октябрда болжол менен саат 23:00 чамасында, Бишкек шаарынын Масалиев жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде, 1989-жылы туулган И.Д., аттуу айдоочу “Хундай-Соната” үлгүсүндөгү автоунаасын  башкарып бара жатып, “Тойота-Ярис” үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусу 2004-жылы туулган А.И.нин автоунаасы менен сүзүшүп, жол кырсыгына кабылышкан. Жол кырсыгында таксиде бара жаткан эне-бала каза тапкан.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИББ)  басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факт боюнча Бишкек ШИББ тергөө кызматы тарабынан кылмыш кодексинин 312 беренесине (Жол кыймылынын жана автотранспортту эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Такси кызматында эмгектенген, “Хундай-Соната” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 1989-жылы туулган И.Д, 2024-жылдын 17-октябрында саат 22:56 чамасында, Бишкек шаарынын даректеринин биринен чакыруу кабыл алып, 1990-жылы туулган А.А. жана 2015-жылы туулган баласы Э.Э., менен чогуу автоунаа менен чакырууда көрсөтүлгөн дарекке кетишкен. Таксинин 1989-жылы туулган айдоочусу  И.Д. Тойота-Ярис” үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусу 2004-жылы туулган А.И.нин автоунаасы менен сүзүшүп, жол кырсыгына кабылганы аныкталган.

Натыйжада, “Хундай-Соната” үлгүсүндөгү автоунаада бара жаткан жүргүнчүлөр А.А., Бишкек шаарынын №4 шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө, ал эми анын уулу Э.Э., Бишкек шаарынын №3 балдар ооруканасына жеткирилип, алган жаракаттардын улам каза болуп калышкан. Ал эми, “Хундай-Соната” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу И.Д., №4 шаардык ооруканасына кайрылган.

2004-жылкы А.И., шектүү кармалып, тергөө кызматына жеткирилген жана кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде, Бишкек шаарынын ИИББ убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул кылмыш иши боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.  

Жол кырсыгына кабылган жана уулу экөө каза болгон Акбаева Алтынай Бажы кызматынын капитаны болгон. 

Бишкекте эне-баланын өлүмүнө алып келген жол кырсыгына шектүү кармалды

Сүрөттө: Жол кырсыгы. Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы

Сүрөт: каза тапкан Алтынай Акбаева. customs.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты