Бишкекте дуатлон боюнча республикалык чемпионат өтөт  

  • 2 часа мурун

Бүгүн, 6-октябрда, Бишкекте,  дуатлон боюнча республикалык чемпионат өтөт.
Мелдешке ар кандай спорттук мектептерден жана триатлон секцияларынан кесипкөй спортчулар жана командалар катышат.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мелдештерге байланыштуу төмөнкү жолдор убактылуу жабылат:

Масалиев пр. (Түштүк Магистраль) — Түндүк тилкеси (батышка карай багыт) Байтик Баатыр көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин, саат 6:00дөн 11:00гө чейин жабылат.
Безымянный көчөсү (парктардын ортосунда) — 5:00дөн 14:30га чейин.
Токтоналиев көчөсү (Масалиев проспектисинен Безымянный көчөсүнө чейин) — 6:00дөн 12:00гө чейин.

Бараар багытты алдын ала пландаштырууну жана ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн убакыт чектөөлөрүн эске алууну сунуштайбыз. Альтернативдүү айланма жолдор уюштурулат.

Иш-чаранын уюштуруучусу: «Кыргыз Республикасынын триатлон Федерациясы» КБ.

Триатлон үч циклдик дисциплинаны бириктирген олимпиадалык спорт түрү: сууда сүзүү, велосипед тебүү жана чуркоо. Триатлон үч дисциплинаны тең белгилүү бир убакытка чейин үзгүлтүксүз аткаруу керек экендиги менен мүнөздөлөт.

Кыргыз Республикасынын триатлон федерациясы 2015-жылдын 1-апрелинде түзүлүп, Улуттук Олимпиада комитети жана Эл аралык триатлон союзу тарабынан расмий федерация катары таанылган. Ал ошондой эле 2015-жылдан бери Азия триатлон конфедерациясынын жана 2019-жылдан бери Борбордук Азия триатлон ассоциациясынын мүчөсү.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты