Бишкекте Борбор Азия мамлекеттери менен АКШны бириктирген С5+1 форматындагы катчылыктын жолугушуусу өттү  

  • 2 недели мурун

3-сентябрда Бишкек шаарында Борбор Азия мамлекеттери жана Америка Кошмо Штаттарын бириктирген С5+1 форматынын секретариатынын жолугушуусу болуп өттү.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз борбору билдирди.

Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин делегациялары жана АКШнын туруктуу теңтөрагасы, Кейтлин Сетола айым катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Секретариаттын ишин координациялоо, жумушчу топтун өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу жана коопсуздук, экономика, энергетика жана айлана-чөйрө тармактарындагы стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча негизги маселелерди талкуулады.  

Делегаттар аймактык кызматташтыкты чыңдоонун жана С5+1 платформасынын маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Кыргыз Республикасы теңтөрага катары Секретариаттын ролун андан ары чыңдоонун жана мурункужолугушууларда кабыл алынган жол карталарын ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдарды иштеп чыгуунун зарылдыгына көңүл бурду.  

Бишкекте Борбор Азия мамлекеттери менен АКШны бириктирген С5+1 форматындагы катчылыктын жолугушуусу өттү  

Сүрөт: ТИМ басма сөз борбору

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты