Бишкекте автобус коюп кеткен кыз каза болуп калды  

Бишкекте автобус коюп кеткен кыз каза болуп калды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгы бүгүн, 7-октябрда, болжол менен эртең мененки саат 10 дордо Бишкек шаарында болгон. Коомдук унаанын айдоочусу, 1964-жылы туулган Д.К. Чүй проспектисинен чыгышка карай, Zhong-Tоng маркасындагы автобусту айдап бара жатып, жөнгө салынбаган жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерде 18 жашар кызды коюп кеткен.    

Автобус коюп кеткен Б.Х. аттуу кыз 2006-жылы туулган, Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Алган жаракаттарынан улам каза болуп калгандыгы маалымдалды.

Социалдык тармактарда жол кырсыгынын видео тасмасы жарыяланды. Анда жолдо кыймылсыз жаткан кызды көрүүгө болот.

Учурда бул факты Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгында катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалгандыгы кабарланды.  

 2024-жылдын 9 айында Кыргызстанда 5 миң 60 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу 7-октябрда “Биринчи радиого” берген маегинде Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун көзөмөлдөө кыймылынын бөлүм башчысы Тынычбек Саидов билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты