Бишкекте айыл чарба азыктарынын жана техникаларынын жарманкеси өтөт

  • 1 месяц мурун

Бишкекте “АгроТехЭкспо-2024” агроөнөржай көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтөт. Жарманке 18-20-октябрь күндөрү Т. Усубалиев атындагы аянтта болот. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, “АгроТехЭкспо-2024” көргөзмөсүндө заманбап айыл чарба техникалары жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү жабдуулардын үлгүлөрү, жаңы инновациялык технологиялар, үрөндүн түрлөрү, жер семирткичтер, ветеринардык дары-дармектер, өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттар, энергетикалык каражаттар, асыл-тукум малдары жана башка айыл чарба товарлары көрсөтүлөт.

Көргөзмөнүн негизги экспонаттары катары Джон Дир, Клаас, Лемкен, Нью-Холанд, МТЗ, Ростсельмаш, УТО, Фотон-Ловол, Зумлион, Гомсельмаш жана башка дүйнөдөгү алдыңкы айыл чарба техникаларын өндүрүүчүлөрүнүн техникалары сунушталары айтылды.

Ошондой эле айыл чарба техникаларынын жана жабдууларынын 200 дөн ашык түрлөрү, анын ичинде тракторлор, комбайндар, жер иштетүү техникалар, себүүчү машиналар жана кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар көрсөтүлөрү белгилүү болду.

Сүрөт: agro.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты