Бишкекте 6 бала бакча жана 15 мектеп курулат

  • 2 года мурун

Бишкекте 6 бала бакча жана 15 мектеп курулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров 100 күндүк ишинин жыйынтыктарына арналган маалымат жыйынында билдирди.

Шаардык бюджеттин эсебинен борбордо  840 орундуу 5 мектепке чейинки балдар мекемеси курулуп жатат. Катар кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы филиалынын кайрымдуулук каражаттарынын эсебинен 2 саламаттык сактоо объектисин куруу иштери башталды.

Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 16 билим берүү объектиси курулуп жатат. Бул № 6, 10, 20, 35, 40, 73, 75, 76, «Алтын-Ордо», «Мурас-Ордо», «Ак-Ордо», «Ак-Бата», «Рухий-Мурас», «Ак-Босого», «Колмо» конуштарындагы мектептер жана Жал кичи районундагы 1 бала бакча. Курулуш жана реконструкциялоо иштери аяктаганда 6705 окуучу орун камсыз кылынат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты