Бишкекте №34 автобус “Ак жол” чек ара өткөрүү пунктуна чейин барат

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарында, бүгүн, 30-июлдан тартып №34 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы өзгөрдү.  “Жеңиш” жаңы конушу жана “Бишкек автобекети” боюнча каттаган автобустун “Бишкек автобекетиндеги” акыркы аялдамасы “Ак-Жол” чек ара өткөрүү пунктуна чейин узартылды.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.  

Мындай чара шаардыктардын жана Ленин айыл өкмөтүнүн тургундарынын кайрылууларынын негизинде ишке ашты.

Ага ылайык, муниципалдык автобуста жүрүүдө шаар ичиндеги тариф накталай 20 сомду, накталай эмес 17 сомду түзөт. Ал эми жергиликтүү кеңештин чечимине ылайык, Чүй облусунун аймагында жүрүүдө кошумча 10 сом төлөнөт.

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты