Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн 40 тоннага жакын таштанды чыгарылды

  • 4 недели мурун

Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн 40 тоннага жакын таштанды чыгарылды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, жеке үй ээси тиричилик таштандыларын көп убакыт сактап келген. Коңшулары адам чыдагыс жыт боюнча Свердлов райондук администрациясына кайрылышкан.  Маселени чечүү үчүн үйдүн ээсине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бирок андан майнап чыккан эмес.

Ошондуктан Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгы алдында Свердлов районунун акимиатынын, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын, муниципалдык инспекциянын, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жана башка мекеме өкүлдөрү катышты.

Шаардык кызматтар тарабынан Суворов көчөсүндөгү №77 жеке үйдүн аймагынан 40 тоннага жакын тиричилик таштандылары чыгарылды.

Турмуш-тиричилик таштандыларын чыгарууга 5 бөлүм тартылган, «Бишкек санитардык полигону», «Тазалык» жана «Бишкексууканал» муниципалдык ишканаларынан жүк ташуучу унаалар жана жүктөгүч.

Үй ээси менен Бишкек шаарын көрктөндүрүү боюнча санитардык нормаларды жана эрежелерди бузууга жол берилбестиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты