Бишкек шаарында эки автобус каттамы иштей баштайт

  • 2 месяца мурун

10-июлдан тартып Бишкек шаарында №25, №175 муниципалдык автобус каттамдары иштей баштайт.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, №25 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы “Ала-Тоо” жана “Кара-Жыгач” конуштарында жайгашат.

Күн сайын 22 автобус каттамга чыгат. Орточо аралык 10 мүнөттү түзөт.

Ал эми №175 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы шаардын жогорку бөлүгүндөгү Жаштар кварталында жана Маевка айылында жайгашат. Күн сайын 20 автобус каттамга чыгат. Орточо аралык 10 мүнөттү түзөт.

Аталган автобус каттамдары шаардыктардын кайрылууларынын негизинде киргизилгени айтылды.

Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты