Бишкек шаарында айлана-чөйрөгө зыян келтиргендерге айып салынды

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Красный строитель конушундагы мончолордун бири тигүү цехинен чыккан кездеменин калдыктарын жагып, экологияны бузуп, курчап турган чөйрөгө зыян келтиргени аныкталды.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Мончо жаккан үй ээсине укук бузуулар кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү менен 5500 сом айып салынды.

Ошондой эле муниципалдык инспекциянын инспекторлору чөп өрттөп жаткан шаар тургундарын аныктап, аларга эскертүү берилди.

Чөп, бак-дарактардын жалбырактарын, таштанды калдыктарын өрттөгөндөргө укук бузуулар жөнүндө кодексинин 3-бөлүгү боюнча айып пул салынаарын мэрия эскертет.

Сүрөт: Видеодон

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты