Бишкек — Ош унаа жолунда атайылап кар көчкү түшүрүлөт
- 7 месяцев мурун
Бишкек — Ош унаа жолунда атайылап кар көчкү түшүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек – Ош унаа жолунун 121-135 (Төө-Ашуу ашуусу) жана 198-255 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) чакырымдарында кырсыктардын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында, кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү иши жүрөт.
Кар көчкүнү атып түшүрүү иши 16-март күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери тарабынан атайы артиллериялык эсепти колдонуу менен жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу аталган унаа жолдорунда чектөөлөр маал-маалы менен киргизилип турат. ӨКМ унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоону эскертет.
Муну бөлүшүү