Бишкек мэри: Унаалардын номурларына жараша кезектешип чыгаруу долбоорунда коомдун пикири эске алынат

  • 1 месяц мурун

Мэриянын автоунаалардын мамлекеттик номурлары боюнча кезектешип жүрүү долбоору борбор калаада жол тыгындарын азайтат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Кабар” агенттигине маекте айтты.

Айбек Жунушалиевдин айтымында, аталган долбоор 20-августка чейин коомдук талкууга коюлган. Коом тарабынан бул долбоор боюнча кандайдыр бир сунуштар же конструктивдүү сын-пикирлер болсо, алар сөзсүз эске алынарын айтты. Андан кийин мыйзам долбоору тиешелүү мекемелерде жана министрликтерде каралат.

“Биз мындай мыйзамдарды киргизген алгачкы өлкө эмеспиз. Көптөгөн мамлекеттер жана шаарлар бул ыкманы колдонуп келишет.  Жумасына бир жолу шаар тургундарын жеке транспорттон баш тартууга чакырабыз. Аялы күн сайын төрөп жаткандай, аялым төрөсө эмне кылам деген суроолор пайда болду. Биз каршы эмеспиз. Калктын өмүрүнө, ден соолугуна же коопсуздугуна тиешелүү болсо, анда мындай учурлар эсепке алынбайт. Өзгөчө кырдаалдар болушу мүмкүн” деп айткан мэр.

Бишкек шаарынын мэриясы жеке унааларды номуруна карата кезектештирип жолго чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Ага ылайык, дүйшөмбүдө 1-2 сан менен аяктаган, шейшембиде 3-4 сан менен аяктаган, шаршембиде 5-6 сан менен аяктаган, бейшембиде 7-8 сан менен аяктаган, жума күнү 0-9 сан менен аяктаган номерлүү автоунааларга саат таңкы 7ден кечки 9га чейин шаардын жолуна чыгууга тыюу салынат. Чектөө ишемби, жекшемби жана майрам күндөрү колдонулбайт.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты