Бишкек Кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасына түрк президенти Эрдогандын ысымы берилди

  • 1 неделя мурун

Бишкек Кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасына Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ысымы берилди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, медициналык борбор мындан ары “Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасы” деп аталат. Аталган жарлыкка президент Садыр Жапаров 6-сентябрда кол койгон. Ошондой эле Режеп Тайып Эрдогандын ысымы аталган борборго анын кыргыз-түрк мамилелерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн берилгени айтылды.

Медициналык борбордо төмөнкү бөлүмдөр бар: медициналык тез жардам кызматы, анестезия бөлүмү, терапевттик бөлүм, гастроэнтерология, жалпы хирургия, пульмонология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, кардиология бөлүмдөрү, мындан башка поликлиника жана радиология бөлүмү.

Оорукана калкка медициналык кызмат көрсөтүүдөн тышкары илимий иштерди да жүргүзөрү айтылды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты